Кемерово шаарында 1-ноябрдан 8-ноябрга чейин өткөн универсалдык бою боюнча дүйнөлүк чемпионат жана алдыңкы мелдештерде кыргызстандык спортчулар беш медаль утушту. Бул тууралуу Унибой федерациясынын президенти Торокелди Рысмендеев билдирди.
Айтылган мелдештерге 37 өлкөдөн ар кандай жаш категорияларындагы 1200 спортчу катышты. Соревнованиелер эки дисциплина боюнча өткөн: универсалдык бою жана универсалдык бою лайт.
18-20 жаш курагындагы спортчулар арасында 75 килограммга чейинки салмак категориясында Рамазан Айткулов алтын медальды ээлеп алды.
Чоңдордун арасында төмөнкү аттуулар күмүш медаль менен сыйланды:
- Кубанычбек Акматбеков60 кгга чейинки категория, лайт дисциплинасы
- Женишбек Мамбетов80 кгга чейинки категория
- Бектемир Садырбеков85 кгга чейинки категория
Ал эми Акылбек Ыманбеков классикалык универсалдык бою боюнча бронза медаль утуп алды.
Унибой же универсалдык бою — бул тоскоолдуктар сызыгын ашууну, атууну, бычак ыргытууну жана андан кийин рингдеги беттешүүнү камтыган спорт түрү.












