Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактуралардын 2.0 жаңы маалыматтык тутумун колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырат. Бул долбоор салыктык администрациялоо процессин санариптик трансформациялоо боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында жүргүзүлөт.
Пилоттук долбоор 1-сентябрдан тарта башталып, алты айга созулат. Анын негизги максаты – электрондук документ жүгүртүүнүн жана товарларды эсепке алуунун заманбап механизмдерин бириктирген жаңы санариптик платформаны практикалык сыноодон өткөрүү болуп саналат.
Бул долбоордун алкагында жаңы тутумдун бизнес-процесстери иштелип чыгат, анын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү текшерилет, туруктуу иши камсыздалат. Ошондой эле, бизнес өкүлдөрүнөн сунуштар жана эскертүүлөр чогултулуп, программалык камсыздоону жана ченемдик-укуктук базаны андан ары өркүндөтүү үчүн колдонулат.
Пилоттук долбоордун мезгилинде ЭЭФ 2.0 тутумунда түзүлгөн документтер салыктык администрациялоо үчүн колдонулбайт жана катышуучулардын салыктык милдеттенмелерине таасир этпейт. Алар тутумду сыноо, анын функционалын өркүндөтүү жана андан ары ишке киргизүүгө даярдык көрүү үчүн гана арналган.
Учурда иштеп жаткан «Электрондук эсеп-фактура» тутуму кадимки режимде ишин улантат. Салыктык максаттар үчүн электрондук эсеп-фактураларды тариздөө тартиби пилоттук долбоор аяктаганга чейин өзгөрүүсүз калат.








