11-ноябрда кыргыз тили жана география мугалимдерине өлкө ичинде жасалган 6 миң ноутбук берилди. Бул техника «Алтын Казык» бренди менен чыгарылган. Түшүндүрмөдө айтылгандай, техника мугалимдерге райондук билим берүү бөлүмдөрү аркылуу жеткирилет.
Билим берүү министрлигинин расмий маалыматына ылайык, иш-чарага министрликтин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев катышты. Анын айтымында, учурдагы этапта өлкөдөгү бардык география мугалимдери ноутбук менен камсыз кылынат.
Мугалимдерди техника менен камсыздоо көрсөткүчтөрү
Баймурзаевдин билдирүүсүнө караганда, педагогдорду техника менен жабдуу иштери «Алтын Казык» мамлекеттик программасынын алкагында улантыла берет. Жылдын аягына чейин дагы болжол менен 17 миң ноутбук жеткирүү пландалууда.
Техниканы жеткирүү Smart-Ed долбоорунун негизинде ишке ашырылууда. Бул долбоор Билим берүү министрлиги тарабынан Ислам өнүктүрүү банкы (IsDB), Билим берүү чөйрөсүндөгү глобалдык өнөктөштүк (GPE) жана Ислам солидардуулук фондунун (ISFD) колдоосу менен ишке ашырылып жатат.
Ноутбуктар И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техника университетинин «Технопарк» базасында белгиленген техникалык талаптарга ылайык чогултулган. Түзмөктөргө автоматтык түрдө жаңыланып турган лицензияланган программалар, коргоо каражаттары жана мугалимдердин күнүмдүк иши үчүн методикалык куралдар орнотулган.











