Россиянын Новосибирск шаарында 2-7-ноябрь күндөрү олимпиада чемпиону Евгений Подгорныйнин сыйлыгы үчүн өткөн спорттук гимнастика боюнча эл аралык мелдештер болуп өттү. Бул мелдешке бир катар өлкөлөрдүн спортчулары, анын ичинде Кыргызстандын өкүлдөрү да катышты.

Кыргызстандын спорттук гимнастика боюнча курама командасынын мүчөсү Сайкал Мамашарипова мелдештин жыйынтыгы боюнча эки медаль утуп алды. Ал таяныч секиркиш дисциплинасы боюнча күмүш медаль ээси атанды.