Кыргызстанда быйылкы жылы дан эгиндеринин 31%ы жыйналганын Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков аппараттык кеңешменин жүрүшүндө белгиледи.
Жыйындын негизги темаларынын бири түшүм жыйноо өнөктүгүн уюштуруунун маселелери болгон. Текшерүү учурунда түшүм жыйноонун өз убагында аяктоосу жана дыйкандарга зарыл техникалык жана уюштуруу жактан жардам көрсөтүлүп жатканы баса белгиленди.
Ошондой эле Ветеринария, мал чарбасын, жайыттарды жана тоюттарды өнүктүрүү кызматынын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары каралды. Ветеринардык кызмат эпизоотиялык абалды сактоо багытында иштерди активдүү жүргүзүүдө.
Ветеринардык коштомо документтер «Тулпар» маалыматтык системасы аркылуу электрондук форматта берүүдө, бул система Россия Федерациясынын «Меркурий» системасы менен интеграцияланган.
Министр Эрлист Акунбеков жайыттарды эффективдүү пайдалануу, отоо чөптөргө каршы күрөшүү, «Тартиптүү талаа» долбоорун ишке ашыруу жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген насыялар берүү боюнча тапшырмаларды берди.
Бардык түзүмдүк бөлүмдөргө тапшырмалар сапаттуу жана өз убакытында аткарылып, түшүм жыйноону уюшкандыкта жүргүзүү жана дыйкандарга колдоо көрсөтүү милдети жүктөлдү.




