Айыл чарба министрлигинде суу ресурстарын эффективдүү колдонуу жана ирригациялоо системаларын өнүктүрүү боюнча курулуш иштеринин абалы каралды.

Жыйынга суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Алмаз Жээналиев катышып, долбоорлордун жүрүшү жана келечектеги пландар талкууланды.

Иш-чаранын максаты суу жана ирригациялык объекттердин курулушу аркылуу айыл чарбасын өнүктүрүп, мамлекеттик деңгээлде ресурстарды үнөмдүү колдонууга өбөлгө түзүү болду.