Москва шаарында 2026-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Коллективдик коопсуздук келишиминин уюмунун (ОДКБ) уставдык органдарынын биргелешкен жыйынына катышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Жыйында ОДКБ жоопкерчилик аймагындагы аскердик-саясий кырдаал, аймактык жана эл аралык коопсуздукка тиешелүү актуалдуу чакырыктар, ошондой эле Уюмдун ортолук мөөнөт ичиндеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча пикир алмашуулар болду.
Өз сөзүндө Жээнбек Кулубаев Борбордук Азиядагы коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Ал терроризмге, баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө, уюшкан кылмыштуулукка жана киберкоркунучтарга каршы биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи.
Катышуучулар Россия Федерациясынын ОДКБдагы төрагалыгынын жыйынтыктарын оң баалоо менен бирге, 2027-жылы Тажикстан Республикасынын алдыдагы төрагалыгынын артыкчылыктарын ишке ашырууга көмөктөшүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Жыйындын жыйынтыгында Коллективдик коопсуздук Кеңешинин Декларациясынын долбоорлору жана Коллективдик коопсуздук келишимине кол коюлганынын 35 жылдыгына жана уюмду түзүүдүн 25 жылдыгына карата иш-чаралар планы бекитилди. Ошондой эле мүчө мамлекеттердин өз ара кызматташуусун чыңдоо боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.













