Бишкек шаарында майыптыгы бар адамдар арасында көркөм өнөрчүлүк жана кол өнөрчүлүк өнөрүнүн XXVI шаардык фестивалы салтанаттуу түрдө ачылды. «Күн баарына бирдей нур чачат» деп аталган бул иш-чара катышуучулардын өзүн-өзү көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана тең укуктуулукту чыңдоо үчүн уюштурулду.
Мэриянын маалыматы боюнча, фестиваль ар кандай багыттардагы таланттуу адамдарды бириктирди. Катышуучулар көркөм искусство жана жасалгалоо-кол өнөрчүлүк тармагында өз деңгээлин көрсөтүп, өзгөчө чеберчилиги менен зрителейди суктандырышты.
Мындай иш-чараларды өткөрүү шаарда ар бир адам өзүн көрсөтө турган жеткиликтүү жана инклюзивдүү чөйрөнү калыптандырууга көмөктөшөт. Фестиваль социалдык интеграцияны бекемдөө жана өз ара түшүнүүгө жол ачуу үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.







