Ички иштер министрлиги 2023-жылдан тартып чет өлкөлөрдө Кыргызстандын суроо-талабы боюнча 184 күбөлүк кармалганын билдирди. Ошондой эле, дагы 132 адам мекенине кайтарылды.

Кармоолор 29 мамлекетте ишке ашты. Алардын ичинде Таиланд, Вьетнам, Италия, Испания, АКШ, Түркия, БАЭ, Россия жана Казакстан бар.

184чет өлкөлөрдө кармалган адамдар
132мекенине кайтарылган адамдар
29кармоолор болгон өлкөлөр

Оор кылмыштар жана наркотик

Кармалган адамдардын арасында оор кылмыштар үчүн айыпталып жаткандор бар. Мисалы, Италияда кылмыштуу топ түзүү жана өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык жасаган Кыргызстандын эки жараны табылды.

Дубайда өлтүрүү боюнча айыпталып жаткан кылмыштуу топтун мүчөсү, ал эми Таиландда өлтүрүү кылмышы менен шектенген дагы эки адам аныкталды.

Болгарияда Түркиянын жараны кармалды. Ал Түркиядан Грецияга Кыргызстан аркылуу 436 килограмм героин ташууну уюштуруу менен шектенүүдө. Наркотиктер төрт жүк ташуучу жарым трейлердин металл конструкцияларына жашырылган.

Өзүбүздөгү көрсөткүчтөр

Ошол эле мезгил ичинде Кыргызстанда башка мамлекеттер тарабынан издөөдө болгон 96 чет элдик кармалды. Алардын 42өө суроо-талап жөнөткөн өлкөлөргө — Түркия, Польша, Франция, Пакистан, Россия жана Өзбекстанга өткөрүлүп берилди.

Ички иштер министрлиги эл аралык издөөдө жүргөн адамдарды издөө жана мекенине кайтаруу үчүн чет өлкөлүк укук коргоо органдары менен кызматташтыкты уланта турганын белгиледи.