Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы 2025-жыл жана 2026-жылдын биринчи кварталында чет мамлекеттердин кылмыш жоопкерчилигине тартуу же соттун өкүмүн аткаруу үчүн адамдарды өткөрүп берүү боюнча 109 өтүнүчүн карады.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, экстрадициялык материалдарды кароонун орточо мөөнөтү төрт-беш айды түзөт.
Экстрадицияланууга тийиш болгон адамга карата экстрадициялык камакка алуу тергөө судьясынын чечими менен ар бир жолу эки айга чейин колдонулат. Адам кармалган учурдан тартып бир жылдан ашык мөөнөткө экстрадициялык камакка алуу мөөнөтүн узартууга жол берилбейт, мындан тышкары, бөгөт коюу чарасы жокко чыгарылууга тийиш.
Башкы прокуратура изделген адамдарды өткөрүп берүү же өткөрүп берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн эки айлык экстрадициялык камакка алуу мөөнөтү жетишсиз деп эсептейт.



