Кыргыз Республикасынын Генералдык прокуратурасынын Испаниянын ыйгарым укуктуу органдары менен кызматташуусунун натыйжасында эл аралык издөөдө жүргөн жаран А. А. Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу Генпрокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, айыпталуучу жабырлануучуга ден соолуктун узак мөөнөткө бузулушуна алып келген дене жаракаттарын келтирген. Андан кийин ал кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында өлкөдөн чыгып кеткен.

Айыпталуучу Кыргызстанга Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда жеткирилип, тергөө органдарына өткөрүлүп берилди
Генералдык прокуратуранын билдирүүсүнөн

Генералдык прокуратура чет өлкөдө кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн адамдарды издөө жана экстрадициялоо боюнча эл аралык кызматташтыкты улантууда. Бул иш эл аралык укуктук жардамдын алкагында ишке ашырылды.