Кегети өрөөнүндөгү Көл-Төр көлүне көптөгөн туристтер жана эс алуучулар келип, муз үстүндө ойноп жүрүшөт. Ушуга байланыштуу Чүй райондук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кызматкерлери жерде түшүндүрүү иштерин өткөрүштү.
ТӨМ райондук бөлүмүнүн маалыматына ылайык, куткаруучулар жарандарга көлдүн муз катмарынын калыңдыгы жана коопсуздугу боюнча эч кандай кепилдик жок экенин эскертишкен. Кырсыктардын алдын алуу максатында эс алуучуларга муз үстүнө чыкпоо жана коопсуздук эрежелерин так сактоо сунушталды.
Көл-Төр көлү Кыргыз Ала-Тоонун түндүк капталдарында, Бишкек шаарынан болжол менен 80–90 километр аралыкта жайгашкан. Ал деңиз деңгээлинен 2725 метр бийиктикте орун алган.
Бул көл жер титирөөдөн кийин тоо тектеринин кулашынан улам дарыянын агымын тосуп калгандыктан пайда болгон.











