Бишкек мэриясынан билдиришкендей, борбор калаада ачык асман алдындагы музыкалык кечелер башталды. Алгачкы концертке Назира Жетигенова, «Доор» ансамбли, Карина Өмүрзакова, Айзада Касаболотова, Жылдыз Тутуева жана Батыр Өмүрзаков катышып, шаар тургундарына өнөрлөрүн тартуулашты.

Мэриянын маалыматы боюнча, мындай музыкалык кечелер Ала-Тоо аянтында дайыма — ар жума жана ишемби күндөрү өткөрүлүп турмакчы. Иш-чаралар «Музыкалык Эркиндик» аталышында, анын ичинде классикалык музыка жанрында да болору белгиленди.