Бүгүн, 26-октябрда, Астанада грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиондугунун беттештери жыйынтыкталат. Мелдештин үчүнчү күнүндө кыргызстандык балбандар акыркы салмак категорияларында — 63, 67 жана 87 килограммга чейин күрөшүшөт.
Чүчүкулак боюнча кыргызстандык балбандар төмөнкү этаптардан башташат:
- 63 килограмм: Афтандил Таалайбек уулу биринчи айлампаны өткөрүп жиберет. Чейрек финалга чыгуу үчүн ал Корнелиу Русу (Молдова) менен Карен Асланяндын (Армения) жупунун жеңүүчүсү менен беттешет.
- 67 килограмм: Раззак Бейшекеев 1/16 финалда Казакстандын өкүлү Багдат Сабаз менен күч сынашат.
- 87 килограмм: Азат Салидинов биринчи беттешинде Грузиянын балбаны, дүйнө чемпиондуктарынын байге ээси Лашей Гобадзе менен кездешет.
Мындан тышкары, Амантур Исмаилов (72 килограммга чейин) көңүл жубатуучу беттеште күрөшөт. Дүйнө чемпиондугунун коло байгеси үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн ал швециялык балбан Хенрик Даленге каршы килемге чыгат.






























