31-октябрда Белград шаарында өткөн эл аралык RG trophy мелдеши Кыргызстандын гимнасткалары үчүн ийгиликтүү аяктады. Мелдешке Болгария, Италия, Сербия, Хорватия жана Кыргызстандан спортчулар катышты. Биздин команданы машыктыруучулар Агата Быковская менен Айдай Амангельдиева даярдап, мелдеш учурунда жетектеп турушту.
Жеке ийгиликтер
- Аяна Абдрахманова обруч менен көнүгүүдө 38 атаандашынын арасынан 2-орунду алды.
- Дамелия Апасова 2018-жылы туулган спортчулар арасындагы курактык категорияда обруч менен көнүгүүдө күмүш медаль тагынды.
- Раяна Абдылдаева 2017–2018-жылдары туулган гимнасткалар арасында 3-орунга көтөрүлдү.
Командалык эсеп
Командалык эсепте Аяна Абдрахманова менен Ады Шкуркодон турган Кыргызстан курамасы 3-орунду ээледи.
Ондукка киргендер
Өздөрүнүн дисциплиналарында алдыңкы ондун катарына Амелия Трубина, Нелли Токтоназарова, Тамина Абдусаматова, Эсмира Басылбаева, Айкөл Сулайманова жана София Хусаинова киришти.



















