Каржы министрлиги биринчи орун басары Талас Айдарбек уулу Король Абдалланын гуманитардык жардам фондусунун делегациясы менен жолугушту. Делегацияга фонддун башкы аткаруучу директору Абдулазиз бин Фахад Аль-Анкари жетекчилик кылды.
Кырдаалды талкуулоодо фонддун каржылоосундагы мобилдүү көп профильдүү медициналык клиника долбоорунун жыйынтыктары каралды. Анын туруктуу иштеши жана медициналык комплекстердин 2026-жылдын ноябрь айында Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүшү тууралуу макулдашылды.
Талас Айдарбек уулу фондго жана Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосуна ыраазычылыгын билдирди. Кыргызстан көптөгөн жылдар бою Ислам өнүктүрүү банкы менен 36 социалдык-экономикалык долбоорду ишке ашырып келет. Алардын ичинен 23 долбоор жыйынтыкталып, 8 долбоор иштеп жатат, 5 долбоор уюштурулуп жатат.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууга жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган биргелешкен долбоорлорду улантууга кызыкдар экендиктерин айтышты.









