Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы аба каттамдары кеңейүүдө. Бул тууралуу Өзбекстандын Туризм комитетинин расмий сайтында айтылат.

"Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясы 2026-жылдын 23-августунан тартып Бишкек-Ташкент-Бишкек каттамында жумасына эки жолу, бейшемби жана жекшемби күндөрү учак каттай баштайт.

"Асман Эйрлайнс" менен жолугушуулар болуп, Бишкек жана Ош шаарларынан Ташкентке жана башка популярдуу шаарларга каттам ачуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Эки тарап бизнес жана туристтик байланыштарды өнүктүрүү максатында кардарлардын суроо-талабын изилдеп, жаңы маршруттарды иштелип чыгуусун улантышат.

Мындан сырткары, Бишкектен Самарканд жана Ургенч шаарларына каттам ачуу планында турат, бул эки өлкөнүн ортосундагы туристтик алмашууну жана экономика байланышты чыңдайт.

"Реализация этих проектов позволит расширить туристический обмен, укрепить деловые связи между регионами Кыргызстана и Узбекистана, а также создать новые возможности для развития авиационного сотрудничества и взаимного туристического потенциала"
Өзбекстандын Туризм комитетинин билдирүүсү