Кыргызстандын бир катар депутаттары Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташты. Алардын максаты — мамлекеттик мекемелерде жана коомдук жайларда жүзүн толук жаап жүргөн жарандар үчүн жазаны жеңилдетүү.
Учурдагы мыйзамга ылайык, 127-1-берене боюнча, жүздү жабуу үчүн 200 эсептик көрсөткүч, башкача айтканда 20 миң сом өлчөмүндө айып пул белгиленген.
20 000 сом
азыркы учурда жүздү жабуу үчүн белгиленген айып пулнун өлчөмү
Законопроектинин авторулардын пикиринде, бул сумма кирешеси төмөн жарандар үчүн өтө оор каржылык жүк болуп саналат. Мыйзам бузуунун мүнөзүнө жараша жоопкерчилик белгилениши керек, ал эми алдын алуу иштери айып пулдын көлөмүнө гана эмес, мыйзамдын туура колдонулушуна да көз каранды.
Сунушталган механизм боюнча, эгерде адам биринчи жолу эреже бузса, ага жазуу түрүндө эскертүү берилет. Бирок, эскертүү алган адам бир жылдын ичинде кайрадан ушул эрежени бузса, анда ал акчалай жоопкерчиликке тартылат.
Ошондой эле, долбоордун негиздемесинде Кыргызстанга келген туристтердин маанилүүлүгү белгиленген. Кээ бир өлкөлөрдө жүздү жаап жүрүү диний жана маданий каада-салт болуп саналат. Жаңы тартип чет элдик коноктор үчүн өтө чоң каржылык санкцияларды болтурбоого жардам берет, бирок аларды өлкөнүн мыйзамдарын сактоо милдетинен бошотушпайт.








