Документ Укук бузуулар кодексине, Кылмыш-жаза кодексине жана «Укук бузуулардын алдын алуу негиздери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү карайт.

Эмнелер асылуу деп эсептелет?

Мыйзам долбооруна ылайык, асылуу деп сексуалдык мүнөздөгү каалабаган аракеттер эсептелет: ыплас сөздөр, тийүү, кысуу, чымчуу, өбүү, сылоо, жыныстык органдарды көрсөтүү жана ыплас жаңсоолор.

Ошондой эле, сексуалдык мүнөздөгү сүрөт, видео жана аудио материалдарды жөнөтүү, тиешелүү телефон чалуулары жана артынан сая түшүү дагы жоопкерчиликке алып келет, эгер мындай аракеттер коркутуучу, басынтуучу же кемсинтүүчү чөйрөнү түзсө.

Жазалар кандай?

Мындай укук бузуулар үчүн 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башкача айтканда 20 миң сом айып пул же 3 күндөн 7 күнгө чейин камакка алуу каралган.

20 000 сом айып пулдун өлчөмү

Асылуу үчүн сунушталган айып пулдун суммасы.

Эгерде мурун асылуу үчүн жоопкерчиликке тартылган адам бир жыл ичинде кайра ушундай аракеттерди жасаса, мыйзам долбоору 2 жылдан 4 жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш-жаза жоопкерчилигин карайт.

Ошондой эле, учурдагы соттук тыюуларды жана чектөөлөрдү бузган адамдарга дагы ушундай эле жоопкерчилик сунушталат.

Мындан тышкары, соттор долбоордо каралган шарттарда тыюу салууларды белгилей алышат.