Министрлер Кабинетинин Министри Адылбек Касымалиев кол койгон токтомго ылайык, «ЭлКат» компаниясы Кыргызстандын аймагында эл аралык интернет-трафикти жеткирүү, транзит жана өткөрүп берүү боюнча өзгөчө укуктарды алат. Бул укуктар маалымат берүү тармактарынын трансчегинен байланышууну, трафиктин өтүүсүн жана терминациясын камсыз кылууну камтыйт.
Башка байланыш операторлоруна өз укуктарындагы эл аралык байланыш каналдарын ижарага алуу келишимдерин 60 календардык күндүн ичинде «ЭлКат» компаниясына өткөрүп берүү сунушталды. Ошондой эле, эл аралык интернет-трафикти компаниянын техникалык инфраструктурасы аркылуу алууну камсыз кылуу зарыл.
Министрлер Кабинети бул чечимди санадык суверенитетти чыңдоо, стратегиялык маалыматтык агымдарды мамлекеттик көзөмөлдө кармоо жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу зарылчылыгы менен түшүндүрөт.
Тармактык жөнгө салуучу органга чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жана «ЭлКат» менен биргеликте бардык операторлор үчүн бирдей, экономикалык жактан негизделген жана ачык тарифтик саясатты иштеп чыгуу тапшырылды.
Компания тапкан кирешелерди маанилүү маалыматтык инфраструктураны өнүктүрүүгө жумшоо сунушталган. Бул максатта улуттук маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун жана эл аралык интернет-шлюздерди модернизациялоо, мамлекеттик чек арада резервдик оптикалык булалар түзүү иштери жүргүзүлөт.
















