Министрлер кабинети Жогорку Кеңешке Укук бузуулар жөнүндө кодекске жана «Кызыкчылыктар кагылышуусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүчү мыйзам долбоорун сунуштады. Бул тууралуу K-News билдирди.
Документтин негизги максаты — кызмат адамдарынын негизсиз дискрециялык ыйгарым укуктарын кыскартуу жана жаза колдонуунун бирдей практикасын түзүү.
Маселе эмнеде?
Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, азыр 23 укук бузуу курамы боюнча эскертүү айып пул менен бирге колдонулушу мүмкүн. Бирок иш жүзүндө бул жаза түрүнүн колдонулушу бирдей эмес, бул жарандардын укуктарынын бузулушуна алып келет.
Мыйзам долбоору бир эле укук бузуу үчүн кайра эскертүү берүүгө тыюу салууну сунуштайт. Бул жазаны тандап алуудагы ыктыярдуулукту жоюуга тийиш.
Демилге кызмат адамдарынын чечимдерин ачык-айкын кылууга жана жарандардын укуктарын коргоого багытталган.





