Кыргыз өкмөтү минималдуу оптово-розничный тамеки продукциясынын бааларын этап-этабы менен көтөрүүнү пландап жатат. Министрлик сунуш кылган долбоорго ылайык, 2026-жылга чейин пачка тамеки 120 сомдон сатылса, кийинки жылдарда бул баалар акырындан өсөт.
- 2027-жылдын 1-январынан пачка баасы 135 сомго чейин көтөрүлөт
- 2028-жылдын 1-январынан 150 сомго чейин көтөрүлөт
- 2029-жылдын 1-январынан 165 сомго чейин көтөрүлөт
Министрликтин билдирүүсүнө караганда, бул чаралар тамеки жана никотин колдонууну азайтууга жана коомдук саламаттыкты чыңдоого багытталган. Ошондой эле, баалардын жогорулашы өлкөнүн бюджетине салыктар аркылуу кошумча киреше киргизет.
2025-жылы Кыргызстанда тамеки продукциясына 180,1 миллион акциздик марка берилген жана бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 19,4% өскөн. Акциз салыктардан түшкөн киреше 10,8 миллиард сомго жетип, 30,5% өсүштү билдирет.



















