Кыргызстанда 30 миң сомдон ашык өлчөмдөгү пенсияны болжол менен 10 миң адам алышат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында билдирди.
Жогорку өлчөмдөгү төлөмдөрдү алгандордун арасында мурунку жогорку кызматтуу чиновниктер дээрлик жок экенин ведомство башчысы белгиледи. Алардын саны жалпы топтун 1–2% гана түзөт.
Алиевдин айтымында, жогорку пенсия алуучулардын негизги бөлүгүн төмөнкү тармактын кызматкерлери түзөт:
- Банк секторунун мурдагы кызматкерлери
- Тоо-кен компанияларынын эмгеккерлери
- Профессордук-окутуучулук курам жана илим кызматкерлери
Ачык маалыматтарга таянсак, өлкөдө пенсионерлердин жалпы саны 826 миңге жакын сону. Алардын көбүнүн орточо пенсиясы 8 800 сомдон 12 000 сомго чейинки сумманы түзөт.












