Финансы министрлиги 2026-жылга карата такталган республикалык бюджеттин долбооруна берилген түшүндүрмө катында Экономика жана коммерция министрлигине «Белек» пансионатынын рекреациялык объекттерин куруу үчүн 80 миллион сом бөлүнгөнүн билдирди.

Өткөн күзүндө Министрлер Кабинети Ысык-Көл районунун Бостери айылынан 5,4 гектар жер тилкесин жана «Белек» пансионатынын бүтпөгөн объекттерин Экономика жана коммерция министрлигине өткөрүп берген. Министрлик бул жерди жана кыймылсыз мүлк объекттерин кабыл алып, кызматкерлердин ден соолугун чыңдоо, эс алуусун уюштуруу, ошондой эле жумушчу сессияларды жана окутуу иш-чараларын өткөрүү үчүн объекттерди курууга жооптуу болушу керек.

80 000 000 сом бөлүнгөн каражат

«Белек» пансионатынын объекттерин курууга бөлүнгөн сумма.