Өлкөдө энергетикалык суусундуктардын ден соолукка тийгизген терс таасирине байланыштуу аларды өндүрүү жана сатууну чектөө маселелери кызуу талкууланып жатат. Адистер бул ичимдиктердин адам организмине зыяндуулугуна коңгуроо кагып келишет. Бул маселе боюнча Мамлекет башчысы Садыр Жапаров өзүнүн көз карашын билдирди.
Министрлер Кабинетине улуттук коопсуздуктун негизи болгон элибиздин саламаттыгына терс таасирин тийгизип жаткан энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана өлкөгө киргизүүгө тыюу салуу маселесин 1 айлык мөөнөттө карап чыгууну, 6 ай аралыгында мыйзам алкагында жөнгө салууну тапшырдым. Бизге ууланган эмес, табигый күч-кубатка ээ, акыл-эси сергек муун керек. Экономиканын эң башкы кыймылдаткыч күчү — салык эмес, дени сак адамдык капитал экенин да эсибизден чыгарбайлы.
Энергетикалык суусундуктар адамдын борбордук нерв системасын козгоп, убактылуу сергектик берүүчү химиялык курамдагы ичимдиктер болуп саналат. Адистердин айтымында, аларды ашыкча колдонуу төмөнкүдөй кесепеттерге алып келиши мүмкүн:
- кан басымдын жогорулашы
- жүрөктүн ритминин бузулушу
- уйкусуздук
- семирүү
- кант диабети
- бөйрөк жана боор оорулары







