Улуттук статистика комитетинин «Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын январь-август айларындагы социалдык-экономикалык абалы» аттуу докладында саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматтарына таянуу менен жугуштуу жана мите оорулары боюнча маалымат берилди.

2026-жылдын август айында жугуштуу жана мите оорулары, анын ичинде курч респиратордук-вирустук инфекциялар боюнча 21,7 миң учур катталган.

2026-жылдын августундагы жугуштуу оорулардын түзүмү

57,1%курч респиратордук-вирустук инфекциялар
20,6%курч ичеги-карын инфекциялары
5,5%энтеробиоз
2,7%аскаридоз

Докладга ылайык, инфекциялык жана мите ооруларынын ичинен эң көп үлүштү курч респиратордук-вирустук инфекциялар түзгөн — 57,1%. Курч ичеги-карын инфекциялары 20,6%ды, энтеробиоз 5,5%ды, аскаридоз 2,7%ды ээлеген.

2025-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 100 миң калкка эсептегенде курч ичеги-карын инфекциялары менен ооругандар 10%га көбөйгөн.

Ошол эле учурда 2026-жылдын январь-август айларында вирустук гепатит менен ооругандар 66,8%га, ал эми ВИЧ-инфекциясы жана кургак учук менен ооругандар 11,3%га азайган.

Бул маалыматтар Улуттук статистика комитетинин ай сайын чыгуучу докладында берилген.