Кыргызстанда халал продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдү атайын QR-коддор менен маркалоо талап кылынат. Бул боюнча «Кыргыз Республикасындагы халал индустриясы жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга берилди.
Документке ылайык, халал катары сатылып жаткан продукциялар жана кызматтар шарттуу түрдө шайкештик сертификатына жана атайын QR-кодду камтыган улуттук «халал» белгисине ээ болушу керек. Бул белгинин сыпаттамасын жана аны колдонуу тартибин халал индустриясын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет.
Өндүрүш боюнча жаңы талаптар
Мыйзам долбоорунда продукцияны өндүрүүгө кошумча талаптарды коюу сунушталууда. Анын ичинде жаныбарларды союу ветеринардык нормаларга жана халал стандарттарына жооп бериши зарыл. Ошол эле талаптар продукцияны иштеп чыгууга, таңгактаганга, сактоого жана ташуу процессине да жайылтылат.
Мамлекеттик реестрлер жана эксперттер
Дагы бир жаңылык — халал индустриясында мамлекеттик реестрлер системасын түзүү. Бул реестрлерге берилген шайкештик сертификаттар, аккредитациядан өткөн сертификаттоо органдары, өндүрүүчүлөр, жеткирүүчүлөр жана техникалык аудиторлор жөнүндө маалыматтар киргизилет.
Ошондой эле мыйзам долбоору «техникалык аудитор» түшүнүгүн киргизет. Бул халал талаптарынын сакталышын текшерүү үчүн сертификатталган квалификациясы бар эксперт болуп саналат. Ал Кыргызстандын жараны же чет элдик адис боло алат.






