Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, ведомство белгилүү бир товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоонун пилоттук долбоорун иштеп чыкты. Бул чара жасалма продукциядан коргоону күчөтүү жана товарлардын өндүрүүчүдөн баштап жүгүртүүдөн чыкканга чейинки жолун көзөмөлдөө максатында сунушталып жатат.

Пилотдук долбоордун алкагында төмөнкү товарлардын түрлөрүн маркалоо каралат:

  • Таңгакталган суу
  • Таттуу жана башка алкоголсуз ичимдиктер (анын ичинде газдалган жана энергия берүүчү ичимдиктер)
  • Ширелер
  • Пиво
  • Табактын айрым түрлөрү жана табакты ысытуу системалары

Бул долбоордун негизги багыты — идентификациялоо каражаттарын акциздик чогултуу маркалары жана эсепке алуу-контролдоо маркалары менен айкалыштырууну текшерүү болуп саналат. Санариптик код түздөн-түз марканын өзүнө жабыштырылат.

Министрлик боюнча, мындай механизм товарларды жасалмалоодон коргоону жогорулатат, өндүрүүчү же импортчудан баштап товардын жүгүртүүдөн чыгышына чейинки жолун көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет жана көлөкөлүү экономиканы азайтат.

Мындан тышкары, марка менен кодду бириктирүү алардын өзүнчө жабыштырылышын жокко чыгарат жана келечекте өндүрүүчүлөр менен импортчулардын чыгымдарын азайтууга шарт түзөт.

Долбоор ЕАЭБ алкагында идентификациялоо каражаттарын өз ара таанууну да камтыйт. Бул маркаланган продукцияны Союздун маркалоо киргизилген өлкөлөрүнө тоскоолдуксуз жеткирүүгө жол ачат.

Пилотдук мөөнөт ичинде маркалоо коддору акысыз берилет деп такташты.