Кыргызстанда мамлекеттик төлөмдөрдү дайындоо жана жарандарга которуу үчүн бирдиктүү санариптик системаны түзүү пландалууда. Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документке ылайык, мамлекет менен жарандардын өз ара эсептешүүлөрү боюнча бирдиктүү система (ЕСВ) түзүлөт. Бул система аркылуу мамлекеттик төлөмдөрдү тариздөөгө, арыздардын каралышын көзөмөлдөөгө жана акча которулгандыгы тууралуу маалымат алууга болот. Бардык процесстер «Тундук» мобилдик тиркемеси аркылуу ишке ашырылат.

Төлөмдөрдүн түрлөрү

Жаңы системага мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн ар кандай түрлөрү киргизилет. Алардын ичинде төмөнкүлөр бар:

Эмне үчүн бул зарыл?

Негиздөөчү маалымкатта белгиленгендей, учурда төлөмдөрдү дайындоо жана которуу менен ар башка мамлекеттик органдар алектенет жана алардын өзүнүн маалыматтык системалары бар. Мунун кесепетинен арыз берүү, маалымат алмашуу, каражаттарды которуу жана алуучуларды кабардар кылуу процесстери бирдиктүү механизмге бириктирилген эмес.

Жаңы система мамлекеттик органдар менен банктардын арыз берүүдөн баштап, акча жарандын эсебине түшкөнгө чейинки бардык этаптарда санариптик өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылышы керек. Жарандар «Тундук» аркылуу арыз бере алышат, керектүү маалыматтарды текшерип, төлөмдөрдү алуу үчүн банкты өз алдынча тандай алат. Ошондой эле, мамлекеттик маалыматтык системаларда бар болгон документтерди жана маалыматтарды кайрадан берүү талап кылынбайт.