Алдамчылыкка каршы күрөшүү үчүн мамлекеттик деңгээлдеги жаңы ыкмалар колдонулуп жатат. Алардын бири — жарандардын насыя алуусуна өз алдынча чектөө коюу мүмкүнчүлүгү.

Улуттук банктын киберкоркунучтарга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн башкы администратору Азамат Тиленбаевтын билдирүүсүнө караганда, өлкөдө борборлоштурулган антифрод-система ишке ашырылууда.

  • Шектүү адамдардын борборлоштурулган кара тизмесин жүргүзүү
  • Ар бир каржылык уюмдун өзүнүн жергиликтүү кара тизмесин түзүү
  • Шектүү транзакцияларды текшерүү үчүн операцияларды 30 күнгө чейин токтотуу

Ошондой эле, кардарлар үчүн «салкындатуу мезгили» деген түшүнүк киргизилет. Бул убакыт алдамчылардын таасири астында калган адамдарга чечимди кайрадан ойлонуп чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Салкындатуу мезгилинин мөөнөтү

12саат
24саат