Кыргызстанда «халал» стандарттарына жооп берген продукцияга таандык улуттук белгини колдонуу боюнча убактылуу тартип бекитилди.

Бул тартип «Кыргыз Республикасынын халал өнөр жайы жөнүндө» мыйзамынын негизинде жана Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Халал өнөр жайын өнүктүрүү борборунун ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу документтерге ылайык иштелип чыккан.

Жаңы тартип «халал» индустриясындагы сапат стандарттарын сактоо жана улуттук белгини туура колдонуу менен бул тармакты өнүктүрүүгө багытталган.