Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл сүрөтчүсү, профессор, академик Тургунбай Садыковдун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
Юбилярды куттуктап жатып, мамлекеттик катчы Арслан Койчиев көрүнүктүү скульптордун улуттук искусствонун өнүгүшүнө кошкон зор салымын белгилеп, анын чыгармачылык жолу жана эмгектери кыргыз элинин руханий жана маданий мурасынын ажырагыс бөлүгү экенин баса белгиледи. Ал Тургунбай Садыковго бекем ден соолук, узак өмүр жана чыгармачылык ийгиликтерди каалады.
Видеотасма жана концерттик программа
Иш-чаранын алкагында көрүнүктүү скульптордун өмүр жолуна, чыгармачылыгына жана улуттук искусствонун өнүгүшүнө кошкон салымына арналган видеоролик көрсөтүлдү. Майрамдык маанайды концерттик программа толуктады.

























