Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги билдиргендей, Тон районунун 90 жылдыгын майрамдоо алкагында республикалык айтыш өткөрүлдү. Бул маданий иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан келген импровизатор акындар катышты.

Алар кыргыз айтышынын салттарын улантып, импровизациялоо чеберчилигин, тапкычтыгын, чечендигин жана чыгармачылык дараметин көрсөтүштү. Айтыштын жүрүшүндө акындар элдин тарыхы, улуттук баалуулуктар, салт-санаа, Мекенге болгон сүйүү, ошондой эле коомдун актуалдуу маселелери тууралуу ырдашты.

Республикалык айтыштын жалпы байге фонду 1 миллион сомду түздү.

Жеңүүчүлөр