2026-жылдын сентябрь айында Бишкек шаарындагы турак жай үйлөрүнүн бир квадраттык метринин орточо наркы 173,2 миң сомду ($1 981) түздү деп билдирди Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттиги.
Батирлердин баасы үйгө салыштырмалуу төмөн экени байкалууда. Шаардагы батирдин бир квадраттык метри 113,5 миң сомду ($1 298) түзөт. Бул көрсөткүч үй баасынан 1,5 эсе арзан.
Кыймылсыз мүлктүн түрлөрү боюнча баалар
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттиги
| Үй | 173 200 сом |
|---|---|
| Коммерциялык | 134 200 сом |
| Батир | 113 500 сом |
| Өндүрүштүк | 44 300 сом |
| Социалдык | 22 300 сом |
Коммерциялык мүлктүн наркы 134,2 миң сомду ($1 535) түзүп, агенттиктин бериген беш түрлүү мүлктүн көрсөткүчтөрүнүн арасында экинчи орунда турат.
Өндүрүштүк мүлктүн бир квадраттык метри 44,3 миң сомду ($507), ал эми социалдык мүлктүн баасы 22,3 миң сомду ($255) түздү.











