Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн ишинин натыйжалуулугун жыл сайын пландоо жана үзгүлтүксүз отчёт берүүнүн негизинде баалайт. Бул тууралуу министр Жээнбек Кулубаев журналисттерге билдирди.
Министрдин айтымында, ар бир элчиликтин иши конкреттүү көрсөткүчтөргө ылайык иликтенет. Тышкы иштер министрлиги жыл сайын жалпы иш планы түзүлүп, ал Министрлер кабинетинин макулдугуна сунушталат.
Андан соң профильдүү департаменттер өз пландарын түзүшөт жана ар бир элчиликке регион жана иш багыты эске алынган конкреттүү тапшырмалар берилип, биринчи жана экинчи жарымжылдыкка атайын иш-пландар кабыл алынат.
Мисалы, Европа департаменти Европа өлкөлөрүндөгү жана АКШдагы дипломатиялык миссияларды көзөмөлдөйт. Негизги тышкы иштер министрлигинин планы болжол менен 200 пунктту камтышы мүмкүн, ал эми департаменттерге карата тапшырмалар кыскартылган тизме түрүндө даярдалат.
Баалоо учурунда расмий сапарлар, сүйлөшүүлөр, консультациялар, эки жактуу документтерди иштеп чыгуу, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү сыяктуу багыттар эске алынып жатат.
Министр биринчи жарымжылдыкта элчилик иштери боюнча жыйын өткөрүлгөнүн айтты. Натыйжалар боюнча айрым элчиликтер пландалган иш-чаралардын 40 пайызын аткарса, айрымдары 30 пайызын гана аткарууга жетишкен.










