Кыргызстанда импорттук товарлардын ветеринардык көзөмөлү санарип ыкма менен жүргүзүлүп баштады. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги кабарлады.

«Санарип VET» системасынын жардамы менен ветеринардык текшерүүлөр бардык маалыматтар менен бирге электрондук түрдө жана өз убагында катталат. Бул көзөмөлдүн ачык жана эффективдүү болуусуна шарт түзөт.

Ветеринардык кароодон өтүү «Кант» убактылуу сактоо кампасында ишке ашат. Кароодо инспектор боди-камераны күйгүзүп, баарын объективдүү жазып турат.

Текшерүүдө жүктүн аталышы, келип чыккан өлкөсү, өндүрүүчү ишкана, партиянын көлөмү, транспорт каражатынын каттоо номери жана пломбалар сыяктуу маалыматтар тутумга киргизилет. Ошондой эле ветеринардык текшерүүнүн электрондук актысы автоматтык түрдө түзүлөт.

Жыйынтыгында экспорттоочу өлкө тарабынан берилген сертификат «Санарип VET» системасы аркылуу Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык сертификатына айландырылат.

Бул жаңы санарип системасы мамлекеттик ветеринардык контролду илгерилетип, документ айлануусун жеңилдетет жана маалыматтын тактыгын жогорулатат.