Фитосанитардык сертификат ЕАЭБ аймагында бирдиктүү тизмеге кирген жогорку фитосанитардык тобокелдиги бар продукцияны ташып кирүүдө жана сыртка чыгарууда гана милдеттүү болуп саналат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин тышкы карантин бөлүмүнүн башкы адиси Райла Кабылова 27-октябрда радиодон билдирди.

Кабылованын айтымында, фитосанитардык көзөмөл бирдиктүү тизмедеги продукциянын баарына жүргүзүлөт, бирок тизме эки бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүмгө жогорку тобокелдиги бар товарлар киргизилген, алар сөзсүз сертификат менен коштолушу керек. Экинчи бөлүмдөгү тобокелдиги төмөн продукцияга сертификат талап кылынбайт, бирок ал милдеттүү карантиндик фитосанитардык көзөмөлдөн өтөт.

Адис Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин өсүмдүк карантини жаатындагы ченемдик укуктук актылар шайкеш келтирилгенин белгиледи. ЕАЭБ жөнүндө келишимден тышкары, Евразия экономикалык комиссиясынын фитосанитардык талаптар, эрежелер жана ченемдер боюнча төрт чечими иштеп жатат.

Кабылова ошондой эле ЕЭКтин алдында карантиндик фитосанитардык чаралар боюнча жумушчу топ иштей турганын, ал комиссиянын аянтчасында ай сайын чогула турганын кошумчалады. Сунуштар адегенде топто талкууланып, андан соң консультативдик комитеттин, комиссиянын жана ЕЭК кеңешинин кароосуна чыгарылат.

Ошондой эле ал өсүмдүк карантини жаатындагы негизги документтер жалпысынан кабыл алынганын, бирок колдонуудагы ченемдерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип жатканын билдирди.