Кыргызстандын айыл чарба жерлеринин аянты 1 миллион 264 миң гектарды түзөт. Бул маалыматты 23-ноябрь күнү Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктүк жана бакчачылык башкармалыгынын башчысы Туратбек Идирисов радио эфирде билдирди.

Айыл чарба жерлеринин бөлүштүрүлүшү

830-850сугат жерлери (миң гектар)
300-400сугарылбаган жерлер (миң гектар)

Туратбек Идирисовдин айтымында, өлкөнүн аймагынын 94 пайызы тоолуу жерлерди түзсө, тегиздик жерлер болгону 6 пайызды гана түзөт. Акыркы жылдары калктын санынын өсүшү, үй-жайлардын, заводдордун жана фабрикалардын курулушуна байланыштуу бул тегиздик жерлердин үлүшү жыл сайын кыскарып жатат.

Учурдагы кырдаалдын алдын алуу үчүн сугат жерлерин сактап калуу жер ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу концепциясынын негизги багыттарынын бири болуп саналат.