Учурда чет өлкөлөрдө Кыргызстандын жалпысынан 837 812 эмгек мигранты бар экени маалымдалды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бөлүмүнүн башчысы Эркин Каримов «Биринчи радиодогу» түз эфирде билдирди.

837 812жалпы мигранттар
584 484Россияда иштегендер

Министрлик өкүлү Россия боюнча маалыматты тактап, октябрь айынын башында ал жерде 584 миң 484 жаран катталганын айтты. Ал мигранттардын саны миграциялык агымдарга, сезондук факторлорго жана башка себептерге жараша өзгөрүп турушу мүмкүн экенин белгиледи.

Эгер Россия боюнча айтсак, октябрь айынын башында 584 миң 484 адам катталган. Бирок бул көрсөткүчтөр миграциялык агымдарга, сезонго жана башка ар кандай себептерге жараша азайышы же көбөйүшү мүмкүн.
Эркин Каримов, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бөлүмүнүн башчысы