Кыргызстандын айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн чарба жерлерин бириктирүү стратегиясы сунушталды. Бул чаралар фермерлердин чыгымдарын азайтуу, сугат иштерин жакшыртуу жана заманбап техникаларды кеңири колдонуу үчүн зарыл деп эсептелет.

Техниканы колдонуудагы кыйынчылыктар

Кыргызстандын 2050-жылга чейинки рационалдуу жер пайдалануу жана мейкиндикти өнүктүрүү концепциясына ылайык, айыл чарба жерлеринин чоң бөлүгү өтө кичинекей жана чачыраң участоктор түрүндө колдонулууда. Мындай түзүлүш чоң кубаттуу техникаларды, эгин себүүчү комплекстерди жана түшүм жыйноочу машиналарды колдонууну кыйындатат. Натыйжада, айрым иштерди кол менен же натыйжалуулугу төмөн жабдуулар менен аткарууга туура келет.

Чыгымдардын көбөйүшү жана топурактын түгөнүшү

Жер участокторунун чачыраңдыгы фермерлерди топуракты иштетүү, эгин себүү, сугаруу, жер семирткичтерди салуу жана түшүм жыйноо иштерин ар бир бөлүккө өзүнчө уюштурууга мажбур кылат. Бул болсо күйүүчү майга, техниканы ташууга жана жумушчу күчкө кеткен чыгымдарды көбөйтүп, продукциянын өздүк наркын жогорулатат.

Ошондой эле, концепцияда севообороттун (эгин алмаштыруунун) бузулушу чоң көйгөй катары белгиленген. Кичинекей жерлерде фермерлер бир эле өсүмдүктү бир нече жыл бою өстүрүп жатышат. Бул топурактын түгөнүшүнө, органикалык заттардын азайышына, чөптөрдүн жана оорулардын жайылышына алып келип, келечекте түшүмдүүлүктүн төмөндөшүнө себеп болот.

Сугат жана конфликттер

Жердин майда бөлүктөргө бөлүнүп кеткени сугат суусун бөлүштүрүүнү жана ирригациялык каналдарды тейлөөнү татаалдаштырат. Бул суунун сарптанышына жана жер ээлеринин ортосундагы чыр-чатактарга алып келет.