Кыргызстанда 424 муниципалдык ишкана иш алып барат. Алардын балансында 6 миң 5 техникалык каражат бар экени белгиленди. Бирок ишканалардын бир бөлүгү бюджеттик субсидияларга толугу менен көз каранды болуп, иштин уюштурулушунда көйгөйлөргө туш болуп жатат.
Президент администрациясынын башкармалыгынын орун басары Азамат Кадыралиевдин билдирүүсүнө караганда, Баткен облусунда муниципалдык менчик департаментинин ишмердүүлүгү 85 миллион сомду жергиликтүү бюджеттен толук каржылайт.
Баткен автобазасынын көрсөткүчтөрү
Ишканалардын ишинде олуттуу мыйзам бузуулар да табылды. Мисалы, «Баткен Таза Суу» муниципалдык ишканасында кээ бир жарандардын төлөмдөрү контролёрдун жеке эсебине которулуп келген.
Кара-Кулжа районунда «Тазалык — Таза Суу» муниципалдык ишканасы бөлүнүп чыккандан кийин субсидиянын көлөмү 6 миллион сомдон 12 миллион сомго чейин өскөн. Бирок, кеңешмеде белгиленгендей, бул каражаттардын көбөйүшү көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшырткан эмес.












