Баткен облусунун Лейлек районунда жапайы жаныбарлар үй жаныбарларынын арасына аралашып кеткени байкалды. Тоолуу аймакта мал жайып жүргөн жергиликтүү тургуну тоолордон түшүп келген эки Северцов архарын көрүп, аларды видеого тартып калган. Кийинчерээк бул видео жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлерине берилди.
Видео кадрларында эки архар үй малдары менен бирге жайылып жүргөнү көрүнүп турат. Северцов архары — Кыргызстандын тоолуу аймактарында жашаган жапайы буттактуу жаныбарлардын түрлөрүнүн бири болуп саналат. Алардын жашоо чөйрөсүн сактоо жана популяциясын коргоо биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн абдан маанилүү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Баткен аймактык башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2025-жылдын аягында жүргүзүлгөн эсептөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык, Баткен облусунун аймагында Северцов архарынын 144 особи катталган.







