Кыргызстандын аймактарды өнүктүрүү фонддоруна бөлүнгөн каражаттын көлөмү 2021-жылы 1 млрд сом болсо, 2026-жылга карата 5,2 млрд сомду түздү. Бирок, бул каражаттардын айрым жерлерде натыйжасыз колдонулушу жана өз убагында өздөштүрүлбөй калышы байкалууда. Бул тууралуу Президент администрациясынын башкаруучулугунун орун басары Азамат Кадыралиев маалымдады.
Өздөштүрүлбөгөн каражаттардын көрсөткүчтөрү
Аймактардагы каржылоонун натыйжасыздыгы боюнча төмөнкүдөй маалыматтар аныкталды:
Ысык-Көл облустук фонду
Чаткал району
Ошондой эле Жети-Өгүз районунда өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 7,9 млн сомдон ашык каражат аймакты өнүктүрүүгө эмес, мамлекеттик мекемелерге эмерек жана жабдыктарды сатып алууга жумшалган.
Инфраструктуралык долбоорлордогу көйгөйлөр
Инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда да маселелер жаралган. Мисалы, Балыкчы — Корумду жолун жарыктандыруу иштери азыркы учурга чейин бүткөн эмес.
Ысык-Көл облустук «Кумтор» өнүктүрүү фондунан 99,8 км аралыкты жарыктандыруу үчүн 350 млн сом каралган болчу. Келишим боюнча, иштер 2026-жылдын 15-июлуна чейин бүтүшү керек эле. Бирок, учурда жарыктандырыла турган аралык 90 кмга кыскартылып, ал эми долбоордун баасы өзгөрүүсүз калып калган.
Бул долбоордун өз убагында бүтүшү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлө тургандыгына байланыштуу маанилүү болуп саналат.










