Финансы министрлиги такталган республикалык бюджеттин долбооруна тиркелген документте санариптик мамлекеттик баалуулук кагаздарын чыгаруу боюнча болжолду берди. Tazabek маалыматына ылайык, бул кагаздарды төлөө мөөнөтү да 2026-жылга пландаштырылган.

Министрлик түшүндүрмө катта санариптик казыначылык милдеттенмелери эки муниципалдык ишкананын муктаждыктарын чечүү үчүн чыгарыларын белгиледи.

4,9 млрд«Бишкектеплосеть» үчүн
289,6 млн«Оштеплоэнерго» үчүн

«Бишкектеплосеть» ишканасы үчүн 4,9 миллиард сомдук каражат мамлекеттик тарифтик саясаттын алкагында жылуулук энергиясын өндүрүү жана калкты жылууттуу, ошондой эле ысык суу менен камсыздоо боюнча жабылган эмес чыгымдарды компенсациялоо үчүн бөлүнөт. Ал эми «Оштеплоэнерго» ишканасына 289,6 миллион сом өлчөмүндөгү каражат жылуулук энергиясын сатуудагы чыгымдарды жабууга жумшалат.