Акыркы беш жыл ичинде Баткен облусунда мамлекеттик чек ара маселелерин жөнгө салуу, жолдорду куруу жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча бир катар ири долбоорлор ишке ашырылды. Негизги жетишкендиктердин бири Тажикстан жана Өзбекстан менен болгон чек ара маселелерин чечүү болду. Чек араларды тактоо жана тартипке келтирүү аймактын тургундарынын коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берди. Үч мамлекеттин чек арасы кесилишкен жерде достуктун символу катары стела орнотулуп, түбөлүк достук жөнүндө декларацияга кол коюлду.

Инфраструктураны өнүктүрүү алкагында алыскы Зардалы айылына жол курулду. Буга чейин айылга баруу кыйынчылыктарды жаратса, эми жаңы жол аркылуу катнаш оңойлошту. Ошондой эле айылга электр энергиясы жана интернет жеткирилди.

890 млн сом

Зардалы айылына курулган жолдун баасы

Чек ара маселелеринин чечилишине байланыштуу алмашылган калк үчүн жаңы айылдар курулуп, алар турак жай менен камсыз кылынды. Жаңы курулган айылдарда социалдык объекттер да салынууда.

181Жаңы Жаңы-Достук айылындагы үй
76Раззаков жана Максат айылдарындагы үй

Спорт тармагында да чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Баткен шаарында 10 миң көрүүчү үчүн стадион курулууда. Бул аймактагы ушундай масштабдагы биринчи спорттук объект болот.

Турак жай маселеси боюнча Баткен шаарында ипотекалык үй куруу долбоорлору да жүрүп жатат. Анын алкагында 12 кабаттуу «Асман резиденция №1» турак жай комплекси курулууда.