Кыргызстандын табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин орун басары Асель Раимкулова Азиялык токой тармагындагы кызматташтык уюмунун (AFoCO) аткаруучу директору доктор Пак Чонгхо менен жолугушту. Бул талкуу COP31 конференциясынын алкагында өттү деп ведомство билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар токой ресурстарын туруктуу башкаруу, экосистемаларды калыбына келтирүү жана өлкөнүн токой чарбасын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Кыргыз тарабы AFoCO уюму менен узак мөөнөттүү жана натыйжалуу өнөктөштүк үчүн ыраазычылык билдирди. Өзгөчө «Жашыл мурас» улуттук демилгесин колдоо үчүн токой уруктарынын базасын чыңдоо жана заманбап лесопитомдук комплексти түзүү» долбоору белгиленди.
Жаңы долбоордун мүмкүнчүлүктөрү
Ошондой эле ACORN программасынын алкагында Rabobank менен биргеликте айыл чарбасын климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташтыруу боюнча инновациялык ыкмаларды, анын ичинде агролесоводствону жана жерди аралыктан зонддоо технологияларын колдонуу маселелери каралды.
Мындан тышкары, Борбордук Азиядагы экосистемаларды жана туруктуу азык-түлүк системаларын калыбына келтирүү боюнча аймактык долбоорга өзгөчө көңүл бурулду.

















