Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрү Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) эксперттери менен «Кыргызстанда абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында жолугушууларды өткөрүштү.
Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууларда долбоорду ишке ашыруунун кийинки этаптары талкууланды. Ага абага зыяндуу заттардын чыгышын азайтуу чараларын иштеп чыгуу, абанын сапатын башкаруу системасын өркүндөтүү, 21 мамлекеттик билим берүү мекемесине экологиялык таза жылытуу системаларын киргизүү, ошондой эле окутуу иш-чараларын өткөрүү жана эл аралык тажрыйба алмашуу маселелери кирди.
Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн мындан аркы кызматташууга даяр экендигин билдиришти.















