Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Тон токой чарбасынын ишмердүүлүгүн жана анын питомнигинин абалын жерден карап чыкты.

Ведомствонын билдирүүсүнө ылайык, министр питомникте өстүрүлүп жаткан саженцтерди карап чыгып, өстүрүлүүчү токой тукумдарынын түрлөрүн көбөйтүү зарылчылыгын белгилеген. Ошондой эле ал өсүмдүктөрдүн сапатын жогорулатуу жана аларды өстүрүү технологияларын өркүндөтүү керектигин айтты.

Мындан тышкары, Акыл Токтобаев токой чарбасынын ишин натыйжалуу уюштуруу, өзүнүн кирешесин көбөйтүү жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо маселелерине көңүл бурду.

Министр тиешелүү жетекчилерге жакынкы жазгы токой отургузуу сезонуна сапаттуу даярдык көрүү, саженцдерди өз убагында өстүрүү жана токойлорду калыбына келтирүү иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Кыргызстандагы токойлорду калыбына келтирүү

2 миңгектардан ашык аянтта иштер жүргүзүлөт
1 млнсаженц отугузулат
3 миң кгтокой тукумдарынын уругу себилет