Чүй токойдук аңчылык чарбасында заманбап питомниктин пайдубалын түшүрүү аземи болуп өттү. Бул демилге «Жергиликтүү шарттарды эске алуу менен улуттук питомниктер системасынын потенциалын жогорулатуу жана токойлорду калыбына келтирүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын жана Корея Республикасынын өкүлдөрү катышты. Эки өлкөнүн өкүлдөрү токой чарбасы тармагындагы кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеп, тажрыйба алмашуу, заманбап технологияларды киргизүү жана токой экосистемаларын калыбына келтирүү маселелерин талкуулашты.
Аземинин жүрүшүндө келечектеги питомниктин негизине кыргыз-корейдик кызматташтыктын символу катары капсула салынды жана бак-дарактар отургазылды.
Долбоордун негизги максаттары төмөнкүлөрдү камтыйт:








