Кыргызстандын Экология, табигый ресурстар жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев менен Япониянын Парламенттик тышкы иштер вице-министри Эри Арфия климат, экология жана табигый ресурстар тармагындагы кызматташууну кеңейтүү максатында жолугушту.
Башкы темалардын бири критикалык минералдар боюнча тажрыйба жана технология алмашуу болду. Тараптар бул жаатта жогорку технологияларды колдонуу менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда.
Жолугушууда, ошондой эле, абанын сапатын жакшыртуу багытындагы япон технологияларын колдонуу маселеси талкууланды. Кыргызстан чоң шаарларда аба булгануунун алдын алуу үчүн бул чечимдерге кызыгып жатканын билдирди.
- Парник газдарынын чыгымын азайтуу боюнча Биргелешкен кредиттик механизмди (JCM) ишке ашыруу
- Кадрдык потенциалды өнүктүрүү жана илимий-техникалык кызматташтык
- Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү, климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу жана экосистемаларды сактоо
- Экотоуризмди өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да алга жылдырууга ниетин бекемдеди. Акыл Токтобаев Япониянын тажрыйбасы Кыргызстан үчүн экологиялык стратегияда маанилүү экенин белгилесе, Эри Арфия Япония узак мөөнөттүү технологиялык кызматташууга даяр экенин билдирди.











